Бүгүн, 2026-жылдын 16-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында Сеул шаарында «Өсүү жана инновациялар үчүн Корея Республикасы менен Борбордук Азиянын кызматташтыгынын келечеги» аталышында Биринчи Корея-Борбордук Азия бизнес-саммити өтүүдө.
Иш-чара биринчи Корея-Борбордук Азия саммитинин алкагында уюштурулуп, Корея Республикасынын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын, экономикалык уюмдарынын жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн бир аянтчага чогултууда. Катышуучулар соода-инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, ишкердик байланыштарды өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашууда.
Саммитте Кыргызстандын атынан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров катышууда. Ал Корея Республикасы менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө арналган биринчи панелдик сессияда сөз сүйлөөдө.
Кыргызстан Корея Республикасы менен инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана кореялык инвестицияларды экономиканын артыкчылыктуу тармактарына тартууга кызыкдар. Бишкекте KOTRA өкүлчүлүгүнүн ачылышын кубаттайбыз жана муну эки өлкөнүн ортосундагы түз ишкердик байланыштарды чыңдоодогу маанилүү кадам катары баалайбыз.
— Равшанбек Сабиров
Ошондой эле кореялык тараптын Korean Desk түзүү демилгесин колдойбуз жана анын кореялык бизнес менен түз диалог жүргүзүү, инвестициялык долбоорлорду коштоо жана кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн издөөгө багытталган натыйжалуу аянтча катары иш алып баруусу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө даярбыз.
— Равшанбек Сабиров
Бул багыттагы маанилүү кадамдардын бири Саммиттин алкагында Кореянын инфраструктура жана шаарларды өнүктүрүү боюнча корпорациясы менен меморандумга кол коюлушу болду. Мындай өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү кореялык-кыргыз технологиялык өнөктөштүгүнүн жаңы форматын калыптандырууга, заманбап технологияларды киргизүүгө, жаңы өндүрүштөрдү өнүктүрүүгө жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт.
— Равшанбек Сабиров
Сессиянын жүрүшүндө катышуучулар экономикалык кызматташтыктын келечектүү багыттарын, инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн жана өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашууда. Саммиттин программасында ошондой эле стратегиялык мааниге ээ пайдалуу кендер жана жеткирүү чынжырлары, өнөр жай, энергетика, инфраструктура жана логистика боюнча панелдик талкуулар каралган.
Саммит өкмөттөр менен ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн практикалык механизмдерин талкуулоо, ошондой эле негизги тармактардагы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн маанилүү аянтча болуп саналат. Кыргызстандын саммитке катышуусу өлкөнүн инвестициялык потенциалын илгерилетүүгө, кореялык өнөктөштөр менен кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жаңы долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.














