Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов 2026-жылдын 14–16-сентябрында Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Үрүмчү шаарында өтүп жаткан Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Санариптик экономика форуму – 2026га катышууда.
Форум Кытай Эл Республикасынын Маалыматтар боюнча мамлекеттик башкармалыгы жана Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Элдик өкмөтү тарабынан биргелешип уюштурулуп, ШКУга мүчө мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын, эл аралык уюмдардын, алдыңкы компаниялардын, университеттердин жана аналитикалык борборлордун өкүлдөрүн, ошондой эле эксперттер менен окумуштууларды кошкондо 500гө жакын катышуучуну бириктирүүдө.
Форумдун алкагында санариптик инфраструктураны жана санариптик сооданы өнүктүрүү, жасалма интеллектти колдонуу, өнөр жайды санариптештирүү, маалыматтарды башкаруу, санариптик чөйрөдө жалпы мамилелерди жана стандарттарды калыптандыруу, ошондой эле кадрларды даярдоо жана ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы практикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери каралууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө Мээримбек Койчуманов ШКУнун санариптик башкаруу жана потенциалды өнүктүрүү боюнча тематикалык форумунда сөз сүйлөп, Кыргыз Республикасынын санариптик экономика чөйрөсүндөгү инвестициялык потенциалын тааныштырды. Өзгөчө көңүл санариптик инфраструктурага инвестицияларды тартуу, заманбап технологиялык чечимдерди киргизүү жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө бурулду.
Мындан тышкары, Улуттук агенттиктин башчысынын орун басары «Joint Consultation on Cooperation Priorities through Dialogue and Exchanges» («Диалог жана пикир алмашуу аркылуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын биргелешип талкуулоо») сессиясынын алкагында сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө ал Кыргыз Республикасынын ШКУ өлкөлөрү менен инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө, потенциалдуу инвесторлор жана технологиялык компаниялар менен түз байланыштарды түзүүгө, ошондой эле санариптик экономиканын келечектүү багыттарында биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.




