Мазмунга өтүү
Түз эфир
Кыргызстанда салттуу кытай медицинасы жаатында $1 млрд инвестициялык долбоор каралууда

МЕЖДУНАРОДНОЕ СОТРУДНИЧЕСТВО
2026-ж., 10-сентябрь 12:052 мүнөт окуу

Кыргызстанда салттуу кытай медицинасы жаатында $1 млрд инвестициялык долбоор каралууда

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Бүгүн, 10-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров «XXI кылымдын биомедициналык компаниясынын» (21st Century Biomedical Co., Ltd.) өкүлдөрү менен жолугушту.

Тараптар Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) колдоосу менен Салттуу кытай медицинасынын индустриалдык паркын түзүү долбоорун ишке ашыруу маселесин талкуулашты. Долбоордун жалпы наркы 1 млрд АКШ долларын түзөт жана аны ишке ашыруу ар бири эки жылга эсептелген үч этаптан турат.

Индустриалдык парктын алкагында салттуу кытай медицинасы боюнча илимий-изилдөө борборун түзүү, дары-дармек үчүн чийки затты кайра иштетүү жана сактоо кубаттуулуктарын ишке киргизүү, табигый дары-дармек каражаттарын өндүрүү, ошондой эле диагностикалык жана ден соолукту чыңдоочу кызматтарды өнүктүрүү пландалууда.

«Кыргызстан үчүн инвестицияларды салттуу тармактарга гана эмес, илим, технология жана өндүрүш менен байланышкан жаңы багыттарга тартуу маанилүү. Биз долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууга жана узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө зарыл шарттарды түзүү үчүн тиешелүү колдоо көрсөтүүгө даярбыз»

Равшанбек Сабиров

Мындан тышкары, долбоордун алкагында илимий жана академиялык алмашууларды жүргүзүү, ошондой эле жергиликтүү адистерди даярдоо каралган. Индустриалдык парк толук кубаттуулукта иштей баштагандан кийин жыл сайын 480 млн АКШ долларына чейин салыктык төлөмдөр түшүшү күтүлүүдө.

Жолугушууга компаниянын эл аралык багытын жана чет өлкөлөрдөгү инвестициялык долбоорлорун жетектеген улук вице-президенти Цзян Лэй (Jiang Lei) да катышты. Жыйынтыгында тараптар долбоорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча мындан аркы иштерди улантууну макулдашышты.

Бөлүшүү: