Бүгүн, 10-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытай Эл Республикасынын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту.
Жолугушууда инвестициялык долбоорлор жана кызматташуунун келечектүү багыттары талкууланды.
Сунушталган долбоорлор кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы, ошондой эле заманбап технологиялык чечимдерди иштеп чыгуу жана киргизүү сыяктуу багыттарды камтыйт.
Алардын арасында дүйнөнүн ири өндүрүүчүлөрүнө, анын ичинде Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген, ошондой эле ири өнөр жай долбоорлорун ишке ашырууга катышкан ишканалар бар.
«Кыргызстан узак мөөнөттүү инвестицияларды, заманбап технологияларды жана алдыңкы өндүрүштүк чечимдерди тартууга кызыкдар. Биз үчүн капитал тартуу менен катар жаңы өндүрүштөрдү өнүктүрүүгө, технологияларды локалдаштырууга, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзүү маанилүү. Биз инвесторлорго долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында көмөк көрсөтүүгө даярбыз жана сүйлөшүүлөрдү конкреттүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багыттоого кызыкдарбыз», — деп белгиледи Равшанбек Сабиров.
— Равшанбек Сабиров
Тараптар инвестициялык кызматташтыктын келечектүү багыттарын, Кыргызстанда жаңы долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн жана инвесторлорду коштоо механизмдерин талкуулашты.
Кытай бизнесинин өкүлдөрү өздөрүнүн долбоорлорун жана технологиялык чечимдерин тааныштырып, Кыргызстандын инвестициялык потенциалын мындан ары терең изилдөөгө жана конкреттүү сунуштарды иштеп чыгууга кызыкдар экенин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар сунушталган долбоорлор боюнча ишти улантуу, кошумча консультацияларды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын аймагында конкреттүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңири талкуулоо боюнча макулдашышты.






