Мазмунга өтүү
Түз эфир
Кыргызстан CIFIT-2026 эл аралык жарманкесинде инвестициялык потенциалын тааныштырды

МЕЖДУНАРОДНОЕ СОТРУДНИЧЕСТВО
2026-ж., 10-сентябрь 08:262 мүнөт окуу

Кыргызстан CIFIT-2026 эл аралык жарманкесинде инвестициялык потенциалын тааныштырды

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов Кытай Эл Республикасынын Сямынь шаарында 2026-жылдын 8–11-сентябрында өтүп жаткан 26-Кытай эл аралык инвестициялар жана соода жарманкесине (CIFIT) катышууда.

CIFIT мамлекеттик органдардын, ишкер чөйрөлөрдүн жана инвестициялык коомчулуктун өкүлдөрүн бириктирген ири эл аралык аянтчалардын бири болуп саналат. Быйыл жарманкеге 129 өлкө жана аймактан 1 200дөн ашуун мамлекеттик мекеме жана бизнес-делегация, ошондой эле 30 эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышууда.

Көргөзмө бөлүгүндө 14 адистештирилген зона уюштурулуп, ишкердик программага инвестициялык форумдар, тематикалык сессиялар, презентациялар жана инвестициялык долбоорлордун роуд-шоулары киргизилген.

Ишкердик программанын алкагында Мээримбек Койчуманов иш-чаранын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын, инвестиция салуу үчүн келечектүү багыттарды жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды.

Ошондой эле ал чет өлкөлүк инвесторлор үчүн кызыктуу болгон артыкчылыктуу тармактар жана ишкердик кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтар менен бөлүштү.

Улуттук агенттиктин CIFIT-2026га катышуусу Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык бизнес коомчулугуна таанытууга, потенциалдуу инвесторлор жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен байланыштарды кеңейтүүгө, ошондой эле капитал тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.

Бөлүшүү: