Бүгүн, 4-августта, Бишкек шаарында «Асман» жаңы шаарын куруу жана өнүктүрүү – 2026» аталышындагы жогорку деңгээлдеги форум өтүп, экологиялык жактан таза «Асман» жаңы шаарын куруу долбоорун ишке ашыруу маселелерине багытталды.
Форумдун жүрүшүндө шаар куруу пландаштыруу, инженердик жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, жаңы шаардын функционалдык түзүмүн калыптандыруу, инвестицияларды тартуу жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов «Асман» долбоорунун өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн стратегиялык маанисин белгилеп, аны ишке ашыруу инвестицияларды тартууга, заманбап технологияларды киргизүүгө жана туруктуу шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн билдирди.
Форумдун алкагында долбоорду практикалык жактан ишке ашыруу, тармактык инфраструктураны өнүктүрүү жана мындан аркы кызматташуу механизмдери каралды. Ошондой эле долбоорду алдыга жылдырууга багытталган бир катар документтерге кол коюлду.
Форум «Асман» жаңы шаарын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоо, заманбап шаар куруу жаатындагы тажрыйба алмашуу жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болду.















