Мазмунга өтүү
Түз эфир
Чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды
Чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды
Чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды
Чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды
ГЛАВНАЯ
2026-ж., 3-август 08:411 мүнөт окуу47

Чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Бүгүн, 3-августта, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Xinhua Panfeng Holdings Hong Kong Limited компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Гонконгдун ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле экономиканын артыкчылыктуу тармактарына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

«Инвестициялар боюнча улуттук агенттик эл аралык инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча ырааттуу иш жүргүзүп келет жана инвестицияларды тартууга, ошондой эле өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга багытталган демилгелерди кароого ар дайым ачык»

Равшанбек Сабиров

Компаниянын өкүлдөрү биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, заманбап технологияларды киргизүү жана Гонконгдун финансылык институттары менен кызматташууну кеңейтүү боюнча сунуштар айтылды.

Ошондой эле өнөр жай, инфраструктура, кайра жаралуучу энергетика, логистика жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармактарындагы кызматташтыктын келечегине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар диалогду улантууга кызыкдар экендигин ырастап, сунушталган демилгелерди мындан ары биргелешип иштеп чыгуу тууралуу макулдашышты.

Бөлүшүү: