Skip to main content
Түз эфир
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинде коррупцияга каршы маалымат саясаты боюнча окуу семинары өттү

ГЛАВНАЯ
2026-ж., 1-июль 12:401 мүнөт окуу15

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинде коррупцияга каршы маалымат саясаты боюнча окуу семинары өттү

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте коррупцияга каршы мамлекеттик маалымат саясатын ишке ашыруу маселелери боюнча кызматкерлердин маалымдуулугун жогорулатууга багытталган окуу семинары болуп өттү.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-январындагы № 29 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын 2026–2027-жылдарга карата коррупцияга каршы маалымат саясатынын мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын” аткарылышы боюнча маселелер каралды.

Семинарга Улуттук агенттиктин кызматкерлери катышты. Эксперт катары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ю.М. Шабралиев катышып, коррупцияга каршы мыйзамдардын талаптары, коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана мамлекеттик кызматта ак ниеттүүлүк принциптерин сактоо боюнча түшүндүрмө берилди.

Окуунун жүрүшүндө коррупцияга каршы аң-сезимди калыптандыруу, мамлекеттик органдардын ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу, ошондой эле кызматкерлердин коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуудагы жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаруудагы ролу кеңири талкууланды.

Бөлүшүү: