2026-жылдын I чейрегинде түз чет өлкөлүк инвестициялардын (ТЧӨИ) агымы 2025-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 34 %га өсүп, 386,7 млн АКШ долларын түздү (2025-жылдын январь–март айларында ТЧӨИнин агымы 288,2 млн АКШ долларын түзгөн).
ТЧӨИнин эң чоң көлөмү финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу секторуна туура келип, 93,6 млн АКШ долларын түздү. Андан кийин кайра иштетүү өнөр жайынын сектору орун алып, болжол менен 90,1 млн АКШ доллар өлчөмүндө инвестиция тартылган.
Белгилей кетсек, өсүш негизинен дүң жана чекене соода секторунун эсебинен камсыз болгон. Бул секторго тартылган ТЧӨИнин көлөмү 64,5 млн АКШ долларын түзүп, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 137 %га көбөйдү. Маалымат жана байланыш секторуна тартылган ТЧӨИнин көлөмү 75 %га өсүп, 46,9 млн АКШ долларын түздү.
ТЧӨИнин эң жогорку өсүшү кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк секторунда байкалды. 2026-жылдын I чейрегинде бул секторго тартылган ТЧӨИнин көлөмү 49,5 млн АКШ долларына жетип, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 26 эсеге көбөйдү (2025-жылдын I чейрегинде бул секторго тартылган ТЧӨИ 1,8 млн АКШ долларын түзгөн).
2026-жылдын I чейрегинде ТЧӨИнин жалпы көлөмүнүн 30 %ы Бишкек шаарына туура келип, инвестициялардын көлөмү 115,8 млн АКШ долларын түздү. Талас облусуна 80,3 млн АКШ доллары инвестиция тартылып, бул жалпы көлөмдүн 20,7 %ын түздү.
Нарын облусуна тартылган инвестициялардын көлөмү 69,7 млн АКШ долларын, ал эми Чүй облусуна 68,6 млн АКШ долларын түздү. Андан кийинки орунда Жалал-Абад облусу болуп, ага тартылган инвестициялардын жалпы көлөмү 43,3 млн АКШ долларын түздү.

