Skip to main content
Түз эфир
Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы инвестициялык кызматташуунун келечеги талкууланды

ГЛАВНАЯ
2026-ж., 29-июнь 11:292 мүнөт окуу6

Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы инвестициялык кызматташуунун келечеги талкууланды

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Пакистан Ислам Республикасынын Лахор шаарындагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Пакистандын ортосундагы инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташуунун келечектүү багыттары талкууланды. Пакистан тарап Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, артыкчылыктуу тармактары жана инвесторлор үчүн каралган мамлекеттик колдоо чаралары менен таанышты.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Пакистан менен кызматташууну кеңейтүүнүн жана жаңы инвестициялык өнөктөштөрдү тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Кыргыз Республикасы чет өлкөлүк өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө кызыкдар. Биз инвесторлорго келечектүү багыттарды сунуштоого, тиешелүү коштоону камсыз кылууга жана эки өлкөнүн бизнес коомчулуктарынын ортосунда түз диалогду түзүүгө даярбыз»

Равшанбек Сабиров

Жолугушууда туризм, халал индустриясы, этти кайра иштетүү жана эт өндүрүү, санариптик банктык кызматтар, ошондой эле башка келечектүү багыттар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Тараптар биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн ишкердик байланыштарды мындан ары чыңдоонун, маалымат алмашуунун жана конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосунда инвестициялык кызматташууну кеңейтүүгө жана жаңы долбоорлорду өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Бөлүшүү: