Skip to main content
Түз эфир
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин башчысы Сабиров Равшанбек Азатовичтин «Кыргызстан – Евразиянын жүрөгү» аталышындагы Шанхай кызматташтык уюмунун Инвестициялык бизнес-форумунун расмий ачылыш аземинде сүйлөй турган сөзү
ГЛАВНАЯ
2026-ж., 24-июнь 08:305 мүнөт окуу2

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин башчысы Сабиров Равшанбек Азатовичтин «Кыргызстан – Евразиянын жүрөгү» аталышындагы Шанхай кызматташтык уюмунун Инвестициялык бизнес-форумунун расмий ачылыш аземинде сүйлөй турган сөзү

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Урматтуу Адылбек Алешович, Урматтуу Пяо Янфань айым, Урматтуу Темир Аргембаевич, Урматтуу делегация башчылары, Шанхай кызматташтык уюмунун Инвестициялык бизнес-форумунун катышуучулары жана коноктору!

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктеринин жетекчилерин, ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн жана инвесторлорун, биздин кесиптештерибизди чын жүрөктөн куттуктоого абдан кубанычтамын. Бүгүн Бишкек шаарында жаңы долбоорлорду, идеяларды жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн байланыштырган досторубузду жана өнөктөштөрүбүздү кабыл алуу биз үчүн чоң сыймык.

Залкар тоолордун, илбирстин, таза энергиянын жана ак ниет адамдардын өлкөсү — Кыргызстанга кош келиңиздер!

Улуу Жибек жолунун кесилишинде (тоомунда) жайгашкан Кыргызстан бай тарыхый мурасты санариптик экономиканын, транспорттук-логистикалык инфраструктуранын жана инновациялык технологиялардын заманбап өнүгүүсү менен айкалыштырууда. Муну менен өлкөбүз Улуу Жибек жолун кайра жаратуунун жана Евразиянын өз ара байланышын чыңдоонун маанилүү катышуучусуна айланууда.

ШКУнун 25 жылдыгы белгиленип жаткан жылы бул форумдун аталган уюмдун алкагында өткөрүлүшү мүчө мамлекеттер ортосундагы өз ара ишенимди, ынак коңшулукту жана өнөктөштүктү бекемдейт, ошондой эле инвестициялык жана ишкердик кызматташтыкка жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, ага практикалык маани берет.

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Кыргыз Республикасынын Президенти урматтуу Садыр Нургожоевич Жапаровдун саясий эркинин жана ырааттуу реформаларынын аркасында бүгүнкү күндө Кыргызстан ишенимдүү экономикалык өсүштү, масштабдуу модернизацияны жана жогорку инвестициялык жигердүүлүктү көрсөтүүдө.

Бул артыкчылыктар Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасында чагылдырылган.

Азыркы учурда Кыргызстан аймактагы экономикалык өсүштүн эң жогорку темптеринин бирин көрсөтүүдө: 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүш 11%дан ашып, ИДП биринчи жолу 1,9 триллион сомго жетти.

Түз чет өлкөлүк инвестициялар 1,3 миллиард АКШ долларынан ашыкты түзүп, өсүш 27%дан жогору болду, ал эми 2026-жылдын башында негизги капиталга жумшалган инвестициялар 69%га көбөйдү.

Акыркы үч жылдын ичинде 12,6 миллиард АКШ долларына 78 инвестициялык макулдашуу жана 4,2 миллиард АКШ долларына мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) боюнча 45 макулдашуу түзүлдү. Жаңы долбоорлордун жалпы инвестициялык куржуну (портфели) 23 миллиард АКШ долларынан ашат. Мындан сырткары, МЖӨ алкагында баасы 434 миллиард сомдон ашкан 90 долбоор ишке ашырылууда.

Бирок биз үчүн сандар гана маанилүү эмес — биздин милдетибиз инвесторлор үчүн түшүнүктүү жана узак мөөнөттүү шарттарды түзүү болуп саналат.

Кыргызстан ЕАЭБ, КМШ жана Европа Биримдиги менен түзүлгөн преференциалдык режимдер аркылуу 550 миллиондон ашуун калкы бар рынокко чыгууну камсыз кылат, ошондой эле аймактагы эң либералдуу салык тутумдарынын бирине жана бажы жеңилдиктерине ээ.

Эл аралык стандарттарга жооп берген «Инвестициялар жөнүндө» жана «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» жаңы мыйзамдар кабыл алынды, алар салыктык жана бажылык жеңилдиктер каралган эркин экономикалык аймактардын режими менен толукталат.

Жогорку технологияларды, жашыл энергетиканы, креативдүү индустрияларды жана стартап-экосистеманы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда: жакында эле Президент тарабынан IT-секторду жана инновацияларды колдоо жөнүндө, ошондой эле кайра жаралуучу энергия булактары чөйрөсүндөгү инвесторлор үчүн атайын режим тууралуу Жарлыктарга кол коюлду, ал эми парламент «Венчурдук каржылоо жөнүндө» Мыйзамды жактырды.

Жүргүзүлүп жаткан реформаларга болгон ишеним экономикалык көрсөткүчтөрдөн гана эмес, өлкөнүн эл аралык аброюнун жогорулашынан да көрүнүүдө, бул анын инвестициялык жагымдуулугун түздөн-түз жогорулатат. Кыргызстан 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды жана Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча «кара тизмесинен» чыгарылды.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин өзгөчө макамы өлкөнүн

Бөлүшүү: