Skip to main content
Түз эфир
Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Beta Tea компаниясы менен Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулады

ГЛАВНАЯ
2026-ж., 26-июнь 08:372 мүнөт окуу7

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Beta Tea компаниясы менен Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулады

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Бүгүн, 26-июнда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кыргыз Республикасындагы жана Казакстан Республикасындагы Beta Tea компаниясынын башкы директорлору Угур Ахмет Саит жана Жанполат Сафердин менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын, Ош жана Чүй облустарында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты. Негизги маселелердин бири катары чай өндүрүүчү фабриканы куруу долбоору, ошондой эле аны ишке ашырууга байланыштуу уюштуруучулук жана практикалык маселелер каралды.

Мындан тышкары, инвестициялык демилгелерди коштоо, анын ичинде долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ылайыктуу жер тилкелерин тандоо жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров өндүрүш багытындагы инвестициялык долбоорлорду тартуу аймактарды өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Биздин негизги милдет — инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү жана мамлекет менен инвесторлордун ортосундагы натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу. Жаңы өндүрүштөрдүн ири шаарларда гана эмес, аймактарда да өнүгүүсү маанилүү. Бул экономикалык өсүш үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Равшанбек Сабиров

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы диалогду улантууга жана кызматташуунун конкреттүү багыттарын кароого кызыкдар экенин билдиришти.

Бөлүшүү: