Skip to main content
Түз эфир
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы мамлекеттик кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

ГЛАВНАЯ
2026-ж., 23-июнь 11:162 мүнөт окуу15

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы мамлекеттик кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Бүгүн, 23-июнда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров мекеменин жамаатын кесиптик майрамы менен куттуктады.

Куттуктоо сөзүндө Равшанбек Сабиров мамлекеттик кызматкерлердин өлкөнүн өнүгүүсүндөгү маанилүү ролун белгилеп, ар бир кызматкер өз милдеттерин жогорку жоопкерчилик, кесипкөйлүк жана тактык менен аткаруусу зарылдыгын белгиледи.

«Мамлекеттик кызмат — бул өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган чоң жоопкерчиликти талап кылган иш. Инвестицияларды тартуу, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана Кыргызстандын экономикалык потенциалын жогорулатуу багытында ар бир кызматкердин эмгеги маанилүү. Биздин негизги милдетибиз — өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн натыйжалуу иш алып барып, туруктуу экономикалык өсүшкө жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө салым кошуу»

Равшанбек Сабиров

Ал мекеменин кызматкерлерине инвестициялык климатты жакшыртуу, чет өлкөлүк жана ата мекендик инвесторлор менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле белгиленген милдеттерди сапаттуу ишке ашыруу багытындагы иштерди мындан ары да жоопкерчилик менен улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Куттуктоонун соңунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы кызматкерлерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана тынчтык, ошондой эле кесиптик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү: