Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнүн катышуусунда ШКУнун 2026-жылдын 24–25-июнунда Бишкек шаарында өтө турган Инвестициялык бизнес-форумуна даярдык көрүү алкагында эксперттик видеоконференция өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар алдыдагы Форумга даярдык көрүүнүн учурдагы этабын, расмий жана бизнес-делегациялардын катышуусу, катышуучулардын курамын түзүү, ошондой эле иш-чараны өткөрүүнүн уюштуруучулук жана протоколдук маселелерин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл ШКУнун Инвестициялык бизнес-форумунун биргелешкен резолюциясынын долбооруна бурулду. Мамлекеттердин өкүлдөрү документтин мазмуну боюнча сунуш-пикирлери айтылып, Уюмдун алкагында инвестициялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Кыргыз тарап катышуучуларга Форумга даярдык көрүүнүн жүрүшү тууралуу маалыматтар менен бөлүшүп, алдыдагы иш-чаралардын программасын, панелдик сессиялардын тематикасын жана ишкердик программанын негизги багыттарын тааныштырды.
Видеоконференциянын жыйынтыгында ШКУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү иш-чарага катышууга даяр экендиктерин ырастап, Форумдун расмий программасынын алкагында биргелешкен резолюцияга кол коюуну колдошту.
ШКУнун Инвестициялык бизнес-форуму мамлекеттердин өкүлдөрү, инвесторлор, бизнес-коомчулук жана өнүктүрүү институттары ортосундагы диалог үчүн аянтча болуп, экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана биргелешкен инвестициялык демилгелерди ишке ашырууга багытталат.
Форумдун алкагында өткөрүлүүчү панелдик сессиялар
- Санариптик экономика, жасалма интеллект жана электрондук соода: санариптик байланыштуулукка инвестициялар
- Жашыл трансформация жана санариптик эгемендүүлүк: ШКУ өлкөлөрүнүн жаңы индустриялашуусу
- Саламаттык сактоо, фармацевтика тармагы жана медициналык туризм: инвестициялар, инновациялар жана эл аралык кызматташтык
Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын алкагында Бишкек шаарында ШКУнун Инвестициялык бизнес-форумун өткөрүү ишкердик байланыштарды чыңдоого, инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана катышуучу өлкөлөрдүн ортосунда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.

