Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн Ысык-Көл облусундагы күн электр станциясынын салтанаттуу ачылыш аземине катышты.
Күн электр станциясы Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын Кызыл-Өрүк айылында жайгашкан жана ROX Energy Global компаниясы тарабынан «РЭЦА» ЖЧКсы аркылуу ишке ашырылууда. Долбоор Кыргыз Республикасындагы кайра жаралуучу энергетика тармагындагы эң ири долбоорлордун бири болуп саналат жана жалпы орнотулган кубаттуулугу 1900 МВт болгон энергия өндүрүүчү объектилерди этап-этабы менен курууну карайт.
Долбоор толук ишке киргенден кийин жылына 3,5 млрд кВт⋅саатка чейин электр энергиясын өндүрүү күтүлүүдө. Инвестициянын жалпы көлөмү болжол менен 1,4 млрд АКШ долларын түзөт.
Долбоордун биринчи этабын ишке ашыруу мезгилинде курулуш иштерине 800гө чейин адис тартылган. Ал эми объект толук бүткөрүлгөндөн кийин болжол менен 200 туруктуу жумуш ордун түзүү пландалууда.
Долбоорду ишке ашырууну колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттиги мамлекеттик органдар менен биргеликте инвестициялык долбоорду коштоо иштерин жүргүздү. Анын алкагында Инвестициялык макулдашууну даярдоо жана түзүү боюнча иштер аткарылып, ошондой эле долбоордун өз убагында ишке ашырылышын камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бажы жеңилдиктери берилди.
Мындай инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу өлкөнүн энергетикалык потенциалын чыңдоого, заманбап технологияларды киргизүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын экономикасына узак мөөнөттүү инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөт.




