Skip to main content
Түз эфир
ПЭЭФ-2026- жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр
ПЭЭФ-2026- жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр
ПЭЭФ-2026- жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр
ПЭЭФ-2026- жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр
ПЭЭФ-2026- жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр
ГЛАВНАЯ
2026-ж., 5-июнь 10:221 мүнөт окуу8

ПЭЭФ-2026- жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов экономикалык өнүгүү, инвестициялар жана эл аралык кызматташтык маселелерин талкуулоого багытталган алдыңкы эл аралык аянтчалардын бири болгон Петербург эл аралык экономикалык форуму – 2026 (ПЭЭФ-2026) иш-чараларына катышты.

Иш сапардын негизги жыйынтыгы катары «ВЭБ.РФ» мамлекеттик өнүктүрүү корпорациясы менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин ортосунда кызматташуу жана маалыматтык өз ара аракеттенүү жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.

Форумдун алкагында Мээримбек Койчуманов Россия Федерациясынын Удмурт Республикасынынын бизнес-делегациясы менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда тараптар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү перспективаларын, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Удмурт Республикасынын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар ишкердик байланыштарды чыңдоого жана эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Улуттук агенттиктин ПЭЭФ-2026га катышуусу Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын илгерилетүүдө, эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүүдө жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен ишкердик байланыштарды чыңдоодо маанилүү кадам болду.

Бөлүшүү: