Бүгүн, 4-июнда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов маалыматтарды иштетүү борборлорун (дата-борборлорду) куруу жана эксплуатациялоо багытында иш алып барган кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, заманбап дата-борборлорду түзүү, ошондой эле маалыматтарды сактоо жана иштетүү жаатындагы инвестициялык долбоорлорду Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Компаниянын өкүлдөрү санариптик сервистердин, булут технологияларынын жана жасалма интеллектке негизделген чечимдердин иштешин камсыз кылган маалыматтарды иштетүү борборлорун долбоорлоо, куруу жана башкаруу боюнча тажрыйбасын тааныштырышты.
Дамирбек Бикулов Кыргыз Республикасынын заманбап санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга багытталган инвестицияларды жана алдыңкы технологияларды тартууга кызыкдар экенин белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы өз ара аракеттенүүнү улантууга жана кызматташуунун келечектүү багыттарын биргелешип иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.





