Skip to main content
Түз эфир
Москва шаарында «Нарын» ЭЭАнын өкүлчүлүгү ачылды
Москва шаарында «Нарын» ЭЭАнын өкүлчүлүгү ачылды
Москва шаарында «Нарын» ЭЭАнын өкүлчүлүгү ачылды
ГЛАВНАЯ
2026-ж., 12-май 09:581 мүнөт окуу4

Москва шаарында «Нарын» ЭЭАнын өкүлчүлүгү ачылды

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Москва шаарында «Нарын» эркин экономикалык аймагы башкы дирекциясынын өкүлчүлүгүнүн расмий ачылышы болуп өттү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүдөгү маанилүү кадамдардын бири болду.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин өкүлдөрү, анын ичинде биринчи катчы Назира Маматканова катышты.

Аземдин алкагында долбоорду ишке ашырууга активдүү көмөк көрсөтүп, колдоо көрсөткөндүгү үчүн «Москва-Тянья» эл аралык автоунаа борборуна ыраазычылык кат тапшырылды.

Жаңы өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгү бизнес өкүлдөрүнө эркин экономикалык аймактын преференциялары боюнча консультация берүү, экспорттук операцияларды колдоо, ошондой эле инвесторлор жана өнөктөштөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталат.

«Нарын» эркин экономикалык аймагы башкы дирекциясынын өкүлчүлүгү Россия Федерациясынын Москва шаарындагы Каширское шоссе көчөсү, 61-үй, 3А корпус дареги боюнча иш алып барат.

Бөлүшүү: