Skip to main content
Түз эфир
КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте жарандарды жеке кабыл алуу графиги
ГЛАВНАЯ
2026-ж., 11-май 11:081 мүнөт окуу6

КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте жарандарды жеке кабыл алуу графиги

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Жарандар жана коомчулук менен ыкчам өз ара аракеттенүүнү уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Коомдук кабылдама ишин жүргүзөт.

Коомдук кабылдаманын ишинин башкы багыты - арыз берүүчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кепилденген мүмкүнчүлүктөрүн жана укуктарын түшүндүрүү максатында Коомдук кабылдамага кайрылган жарандарга консультация берүү жана кызматтык милдеттеринин чегинде жарандар тарабынан коюлган маселелерди чечүүдө мүмкүн болуучу практикалык жардам көрсөтүү.

Улуттук агенттиктин башчысынын буйругу менен башчынын жана орун басарлары тарабынан жарандарды жеке кабыл алуу графиги бекитилген.

Жарандарды жеке кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имаратында жүргүзүлөт. Жарандарга өз убагында маалымат берүү максатында “ишеним телефону” - (0312) 30-03-67 иштейт.

Белгилей кетсек, республиканын алыскы аймактарынан келген жарандар кезексиз кабыл алынат. Кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт.

Бөлүшүү: