Мазмунга өтүү
Түз эфир
Энергетика тармагында Улуттук агенттик менен ХанаЭнергия ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу
Энергетика тармагында Улуттук агенттик менен ХанаЭнергия ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу
ГЛАВНАЯ
2026-ж., 24-апрель 05:221 мүнөт окуу119

Энергетика тармагында Улуттук агенттик менен ХанаЭнергия ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Эл аралык кызматташууну өнүктүрүү жана инновацияларды тартуу алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик ХанаЭнергия менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду.

Документке Улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров жана ХанаЭнергия компаниясынын директору Улугбек Марипов кол коюшту.

Меморандум энергетика секторундагы кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган. Анын ичинде чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, инфраструктураны модернизациялоо, ошондой эле кайра жаралуучу энергия булактары жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу каралган.

Тараптар жетишилген макулдашуулар заманбап технологияларды киргизүүгө, энергия натыйжалуулугун жогорулатууга жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.

Бөлүшүү: