IFC бизнести жөнгө салуу миссиясы менен жолугушуу болуп өттү

2022-жылдын 15-ноябрында, Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Имальдин Радаслич мырза баштаган IFC бизнести жөнгө салуу миссиясы менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда алдыңкы эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен  Улуттук агенттик  жана IFC  ортосундагы инвестициялар жөнүндө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, ошондой эле инвесторлордун даттанууларын кароо механизмин натыйжалуу киргизүү боюнча кызматташуу маселелери талкууланды. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик ар бир инвестор кайрыла ала турган инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча негизги мамлекеттик орган катары аныкталгандыгын белгилей кетсек. Инвестордун даттануусу  инвесторлордун даттанууларынын реестрине киргизилип, кылдат каралып, Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык органдары менен көйгөйлөрдү чечүүдө ар тараптуу жардам көрсөтүлөт. Улуттук агенттик даттанууну чечүүнүн жыйынтыгына карабастан, Реестрде катталган инвесторлорду инвесторлор менен даттануулардын субъекттеринин ортосундагы потенциалдуу же буга чейин пайда  болгон пикир келишпестиктерди аныктоо, мындай жагдайларды чечүүгө көмөктөшүү максатында  туруктуу негизде коштоп жүрөт,  ошондой эле Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган биргелешкен иш-чараларды жүргүзөт.

Мындан тышкары тараптар инвестицияларды тартуу, илгерилетүү жана коргоо ченемдерин камтыган, ошондой эле институционалдык инвесторлорду тартуунун укуктук негизин түзүүчү жаңы Инвестициялык кодексти иштеп чыгуу боюнча маселелерди талкуулашты.

IFC – Кыргызстандын жеке секторунун инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруучу эл аралык финансы корпорациясы, долбоордун негизги максаты чакан жана орто ишканалардын туруктуулугун жогорулатуу болуп саналат.