КЫРГЫЗСТАНДА БИРИНЧИ ЖОЛУ: “ ЗАРУБЕЖ ЭКСПО ” Акционердик коому менен B2B
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик “Expo Russia-Kyrgyzstan 2022” ири өлчөмдөгү көргөзмөсүн өткөрөт.
2022-жылдын 6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору С.А. Сабировдун “Зарубеж Экспо” АКнын директорлор кеңешинин төрагасы Д.Р.Вартанов менен жолугушуусу болуп өттү.
Тараптар 2022-жылдын 21-июнунан 23-июнуна чейин Бишкекте “Экспо Россия-Кыргызстан” биринчи эл аралык өнөр жай көргөзмөсүн, ошондой эле төмөнкү тармактарда 250 ири россиялык компаниялардын катышуусунда бизнес-форумду өткөрүү боюнча макулдашышты:
– Энергетика;
– Машина куруу;
– Металлургия;
– Химия өнөр жайы;
– Мунай- газ өнөр жайы;
– Курулуш;
– Транспорт;
– Агроөнөр жай комплекси;
– Маалымат технологиялары;
– Тоо-кен казуу өнөр жайы;
– Инновациялык технологиялар жана материалдар;
– Медицина жана фармацевтика;
– Банк иши, инвестиция жана камсыздандыруу;
– Билим жана илим;
– Элдик керектөө товарлары;
– Кызмат көрсөтүү чөйрөсү.
Бизнес-программада кыргыз-орус региондор аралык бизнес-форуму, тематикалык тегерек үстөлдөр, В2В байланыш алмашуу, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү менен жолугушуулары каралган.
Кызыккан адамдар сунуштарын elida.bazarbaeva77@gmail.com дарегине жөнөтүшү зарыл.