Мазмунга өтүү
Инвестициялар боюнча улуттук агенттик CECEP компаниясы менен калдыктарды кайра иштетүү комплексин куруу долбоорун талкуулады

МЕЖДУНАРОДНОЕ СОТРУДНИЧЕСТВО
2026-ж., 3-ноябрь 10:542 мүнөт окуу

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик CECEP компаниясы менен калдыктарды кайра иштетүү комплексин куруу долбоорун талкуулады

Бүгүн, 3-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров катуу калдыктарды кайра иштетүүгө, ошондой эле энергияны үнөмдөө, айла

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Бүгүн, 3-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров катуу калдыктарды кайра иштетүүгө, ошондой эле энергияны үнөмдөө, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы жогорку технологиялык жабдууларды иштеп чыгууга жана өндүрүүгө адистешкен CECEP Environmental Protection Co., Ltd. (CECEP) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү жана андан электр жана жылуулук энергиясын өндүрүү комплексин куруу жана иштетүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун багыттарын талкуулашты. Комплексти жайгаштыруу үчүн мүмкүн болгон аймактар катары Манас шаары жана Жалал-Абад облусунун Сузак району каралууда.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, комплекстин биринчи этабы суткасына 800 тонна катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүгө ылайыкталат. Бул үзгүлтүксүз иштеген шартта жылына 292 миң тонна калдыктарды түзөт. Келечекте комплекстин кубаттуулугун этап-этабы менен суткасына 2 000 тоннага чейин көбөйтүү каралууда. Долбоордун акыркы параметрлери техникалык-экономикалык негиздеменин, экологиялык изилдөөлөрдүн жана техникалык чечимдерди иштеп чыгуунун жыйынтыгы боюнча аныкталат. Долбоорго тартылуучу инвестициянын болжолдуу көлөмү 95 млн АКШ долларын түзөт.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдирип, демилгени мындан ары биргелешип иштеп чыгуу, анын ичинде зарыл болгон изилдөөлөрдү жүргүзүү, техникалык жана экологиялык параметрлерге баа берүү, ошондой эле долбоорду ишке ашыруунун оптималдуу форматын аныктоо боюнча иштерди улантууга макулдашышты.

Бөлүшүү: