Мазмунга өтүү
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы журналисттерди Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады
МЕЖДУНАРОДНОЕ СОТРУДНИЧЕСТВО
2026-ж., 30-октябрь 12:252 мүнөт окуу

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы журналисттерди Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады

Бүгүн, 30-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнүнө карата жалпыга

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Бүгүн, 30-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнүнө карата жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолукту. Ал журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктап, инвестициялык темаларды чагылдырууга кошкон салымы үчүн бир катар ЖМК өкүлдөрүнө Ардак грамоталарды тапшырды.

Равшанбек Сабиров жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташуу өлкөнүн инвестициялык потенциалын илгерилетүүдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи. Анын айтымында, так жана өз убагында берилген маалымат коомчулукка өлкөдөгү экономикалык процесстерди жакшыраак түшүнүүгө, ал эми потенциалдуу инвесторлорго Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышууга шарт түзөт.

«Инвестициялар боюнча улуттук агенттик үчүн ачыктык жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүү чоң мааниге ээ. Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, жаңы долбоорлор жана мамлекеттик колдоо чаралары тууралуу маалымат берүү менен биз коомчулукту кабардар кылып гана тим болбостон, потенциалдуу инвесторлордун өлкөбүз тууралуу түшүнүгүн да калыптандырабыз. Инвестициялык темаларды кесипкөйлүк менен жана объективдүү чагылдыруу ишенимди бекемдөөгө жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын илгерилетүүгө өбөлгө түзөт», - деп белгиледи Равшанбек Сабиров.

— Равшанбек Сабиров

Ал ошондой эле инвестициялык кызматташтыктын кеңейиши жана энергетика, өнөр жай, айыл чарба, туризм, инфраструктура жана санариптик технологиялар тармактарындагы жаңы долбоорлордун ишке ашырылышы өлкөнүн экономикалык өсүшү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Равшанбек Сабиров журналисттерге кызматташтык жана инвестициялык темаларды чагылдырууга көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, чыгармачылык дем, кесиптик ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалады.

Бөлүшүү: