Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Ала-Тоо 24 телеканалына маек берди. Анда Кыргызстандын инвестициялык саясатынын артыкчылыктуу багыттары, инвестицияларды тартуу жана инвестициялык климатты жакшыртуу маселелери тууралуу маалыматтар менен бөлүштү.
Маекте ошондой эле инвесторлордун укуктарын коргоо, заманбап технологияларды киргизүү, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылуу маселелери камтылды.




