Урматтуу Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо тутумунун кызматкерлери жана кесиптик бирликтердин өкүлдөрү!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Сиздердин эмгегиңиздер коомдун бакубаттуулугун камсыз кылууда жана мамлекеттин социалдык саясатын ишке ашырууда өзгөчө мааниге ээ. Калктын аярлуу катмарларына колдоо көрсөтүү, жарандардын укуктарын жана эмгек кызыкчылыктарын коргоо, татыктуу эмгек шарттарын түзүүгө көмөктөшүү жогорку кесипкөйлүктү, жоопкерчиликти жана өз ишине берилгендикти талап кылат.
Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга, социалдык адилеттүүлүктү бекемдөөгө жана жарандардын укуктарын коргоого кошкон салымыңыздар Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсү үчүн маанилүү.
Жоопкерчиликтүү эмгегиңиздер, кесиптик милдетиңиздерге берилгендигиңиздер жана коомдун жыргалчылыгы үчүн жасап жаткан ишиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем.
Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, ишиңиздерге ийгилик жана элибиздин жыргалчылыгы үчүн жаңы жетишкендиктерди каалайм!
Урматтоо менен,
Сабиров Равшанбек Азатович

