Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясы Катар мамлекетинин Доха шаарында өткөн ЮНКТАДдын IX Дүйнөлүк инвестициялык форумуна (World Investment Forum 2026) катышты. Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүгүү боюнча конференциясы (ЮНКТАД) Катар мамлекети менен биргеликте уюштурган форум «Investing in the Future» («Келечекке инвестиция салуу») урааны алдында өттү. Форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов Кыргыз Республикасынын Катар мамлекетиндеги Элчилиги менен биргеликте Катар инвестициялык башкармалыгынын (Qatar Investment Authority) өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстан менен Катар мамлекетинин ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү перспективалары жана Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Кыргыз тарап өлкөнүн инвестициялык потенциалын, экономиканын артыкчылыктуу тармактарын жана инвесторлорду мамлекеттик колдоо чараларын тааныштырды. Катар инвестициялык башкармалыгынын өкүлдөрү эки тараптуу инвестициялык кызматташтыктын келечектүү багыттарын изилдөөгө кызыкдар экенин билдиришти. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык жараткан инвестициялык долбоорлорду биргелешип иштеп чыгуу жана аларды илгерилетүү боюнча байланыштарды улантууга макулдашты.
МЕЖДУНАРОДНОЕ СОТРУДНИЧЕСТВО
2026-ж., 27-октябрь 10:021 мүнөт окуу
Кыргызстандын делегациясы Дохада өткөн Дүйнөлүк инвестициялык форумга катышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясы Катар мамлекетинин Доха шаарында өткөн ЮНКТАДдын IX Дүйн




