Мазмунга өтүү
Бакуда түрк мамлекеттеринин инвестициялык агенттиктеринин практикалык кызматташуусу талкууланды

МЕЖДУНАРОДНОЕ СОТРУДНИЧЕСТВО
2026-ж., 25-сентябрь 14:112 мүнөт окуу

Бакуда түрк мамлекеттеринин инвестициялык агенттиктеринин практикалык кызматташуусу талкууланды

Бакуда Экинчи Азербайжан инвестициялык форумунун алкагында түрк мамлекеттеринин инвестициялык агенттиктеринин ортосундагы практикалык кызматташууну өнүктүрүүгө арналган TurkIPAnet тармагынын экинчи се

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Бакуда Экинчи Азербайжан инвестициялык форумунун алкагында түрк мамлекеттеринин инвестициялык агенттиктеринин ортосундагы практикалык кызматташууну өнүктүрүүгө арналган TurkIPAnet тармагынын экинчи сессиясы болуп өттү.

Сессияга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов, ошондой эле Азербайжандын, Казакстандын, Түркиянын жана Өзбекстандын инвестициялык агенттиктеринин жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Дамирбек Бикулов эл аралык инвестор үчүн бүгүнкү күндө беш өлкөнүн рыногуна чыгуу ар башка инвестициялык системалар менен өз ара аракеттенүүнү талап кыларын белгиледи. Ушуга байланыштуу ал өлкөлөрдүн долбоорлорун биргелешип илгерилетүүгө, маалымат алмашууга жана инвесторлор менен ишти кыйла координациялоого мүмкүндүк берүүчү жалпы инвестициялык «воронканы» (pipeline) түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Катышуучулар өткөн жылы Ташкент шаарында беш өлкөнүн инвестициялык агенттиктеринин кызматташуусун чыңдоо максатында түзүлгөн TurkIPAnet тармагынын мындан аркы ишмердигин талкуулашты. Негизги басым тажрыйба алмашуудан практикалык кызматташуу механизмдерине өтүүгө, анын ичинде инвестициялык долбоорлор тууралуу маалыматтар менен алмашууга, инвесторлорду тартууга, чек ара аралык демилгелерди өнүктүрүүгө жана нарк түзүүнүн региондук чынжырларын калыптандырууга жасалды.

Өлкөлөрдүн баяндамаларынын алкагында өз ара инвестицияларды өнүктүрүү, эл аралык рыноктордо инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү илгерилетүү, чек ара аралык долбоорлорду ишке ашыруу жана потенциалдуу инвесторлор менен өз ара аракеттенүү маселелери каралды. Сессиянын жыйынтыгында катышуучулар артыкчылыктуу багыттарды аныктап, TurkIPAnet алкагында конкреттүү биргелешкен аракеттерге өтүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Бөлүшүү: