Бүгүн, 24-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен «Хан-Тенгри девелопмент» ЖЧКсынын ортосунда Бишкек шаарында «Хан Тенгри» көп функционалдуу турак жай комплексин куруу боюнча инвестициялык келишим түзүлдү. Долбоорго 210 млн АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартылат.
Шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана заманбап долбоорлорду ишке ашырууга жеке инвестицияларды тартуу биздин ишибиздин артыкчылыктуу багыттарынын бири. Биз инвесторлор менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө, долбоорлорду ишке ашырууга жагымдуу шарттарды түзүүгө жана инвестицияларды ар тараптан коштоого кызыкдарбыз. Бул долбоор Бишкектин курулуш тармагын жана заманбап шаардык инфраструктурасын өнүктүрүүгө өз салымын кошот деп ишенем.
— Равшанбек Сабиров
Инвестициялык келишимге Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров жана «Хан-Тенгри девелопмент» ЖЧКсынын башкы директору Чжоу Цинхуа кол коюшту.




