Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Сабиров Равшанбек Азатович:
Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Быйыл өлкөбүз өзүнүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Бул - мамлекеттүүлүктү бекемдөө, өнүгүү жана жаратмандык жолунда басып өткөн жолубузду даңазалаган маанилүү тарыхый учур.
Эгемендүүлүк - ар бирибиз үчүн Кыргызстаныбыздын бүгүнкүсү жана келечеги, өлкөдөгү тынчтык менен туруктуулук, элибиздин бакубат жашоосу жана Мекенибиздин өнүгүшү үчүн жоопкерчилик.
Бүгүн Кыргызстан алдында экономикалык өсүштү камсыз кылуу жана туруктуу өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Инвестицияларды тартуу, жаңы долбоорлорду ишке ашыруу, ишкерликти, өнөр жайды, энергетиканы, инфраструктураны, туризмди жана экономиканын башка тармактарын өнүктүрүү - өлкөбүздүн татыктуу келечегин түптөөгө багытталган маанилүү кадамдар.
Биримдик, эмгекчилдик жана мамлекет, бизнес менен коомдун биргелешкен аракеттеринин аркасында Кыргызстандын инвестициялык жана экономикалык дараметин толук ачып, жарандарыбыз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, өлкөбүздүн мындан аркы өнүгүүсүн камсыз кыла аларыбызга ишенем.
Бардык кыргызстандыктарга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, тынчтык жана береке каалайм! Ар бир үйдө бакыт жана ынтымак өкүм сүрүп, эгемендүү Кыргызстаныбыз жылдан - жылга күчтүү, ийгиликтүү жана өнүккөн өлкөгө айлана берсин!
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү кут болсун!

