Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин башчысы Р.А. Сабировдун тапшырмасынын, Агенттиктин инвестициялык ишмердүүлүктү борборлоштурулган координациялоо боюнча ыйгарым укуктарынын алкагында Ысык-Көл облусунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлорго мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин негизги максаты — инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшүн талдоо, актуалдуу маселелерди аныктоо, ошондой эле инвесторлорду коштоо жана инвестицияларды ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча кошумча чараларды аныктоо.
Жумушчу сапардын алкагында райондук мамлекеттик администрациялардын жетекчилери жана инвесторлордун өкүлдөрү менен биргеликте инвестициялык объекттерге мониторинг жүргүзүлдү. Атап айтканда, Ак-Суу районунда «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы калдыктарды утилдештирүү» долбооруна, ал эми Түп районунда «Курментыцемент» цемент заводун куруу долбооруна мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө долбоорлорду ишке ашыруунун учурдагы абалы жана мамлекеттик органдар менен инвесторлордун мындан аркы өз ара аракеттенүүсүн талап кылган маселелер каралды.







