Бишкек шаарында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз-Өзбек бизнес-форуму өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик тарабынан уюштурулуп, инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө багытталды.
