Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов Индонезия Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Мухаммад Анис Матта менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын тааныштырып, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар, инвесторлорду мамлекеттик колдоо механизмдери жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалыматтар менен бөлүштү.
Тараптар түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, исламдык каржылоо, халал индустриясы, санариптик экономика жана маалыматтык технологиялар тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Ошондой эле соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жана инвестициялык саясатты ишке ашыруу боюнча тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Индонезиянын ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендигин ырастап, экономикалык өнөктөштүктү чыңдоого багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.




