ШКУнун Инвестициялык бизнес-форуму-2026
Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгынын алкагында Бишкек шаарында өтө турган ШКУнун Инвестициялык бизнес-форуму-2026нын катышуучулары келе баштады. Форум 2026-жылдын 24–25-июнунда өтөт.
Бүгүн Бишкек шаарындагы «Манас» эл аралык аэропортунда өз өлкөлөрүнүн инвестициялык жана экономикалык ведомстволорун өкүлчүлүк кылган Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы жана Тажикстан Республикасынын делегацияларынын өкүлдөрү келишти.
Жакынкы убакытта башка өнөктөш мамлекеттердин, анын ичинде Өзбекстан Республикасы, Иран Ислам Республикасы жана Кытай Эл Республикасынын өкүлдөрүнүн келиши күтүлүүдө.
Келген делегация өкүлдөрүн кабыл алуу иштери уюштурулду. Алдыдагы иш-чара инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, ишкердик байланыштарды чыңдоо жана аймактагы өлкөлөрдүн ортосунда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болот.









