Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында көлдүн жээгинде курулуп жаткан беш жылдыздуу мейманкана комплексинин курулуш иштерине мониторинг жүргүздү.
Иш сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү курулуш иштеринин учурдагы абалы менен таанышып, аткарылып жаткан иштердин жүрүшүн жана объектти курууну аяктоо боюнча кийинки этаптарды талкуулашты.
Мейманкана комплекси Азербайжан Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы кызматташтыктын алкагында курулууда. Долбоор аймактагы туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.
Комплекстин курамына ар кандай категориядагы мейманкана бөлмөлөрү, конференц-залдар, коомдук тамактануу жайлары, эс алуу жана ден соолукту чыңдоо зоналары кирет. Объект туристтерди, расмий делегацияларды, бизнес өкүлдөрүн жана эл аралык иш-чаралардын катышуучуларын жайгаштырууга багытталат.
Мониторинг Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик тарабынан Кыргыз Республикасынын «Инвестициялар жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-октябрындагы №503 токтомуна ылайык жүргүзүлдү. Долбоор инвестициялык долбоорлордун Реестрине киргизилген.
Учурда объектте монтаждоо жана жасалгалоо иштери улантылууда. Имараттын негизги курулуш конструкцияларын тургузуу аяктап, ички жана тышкы жасалгалоо иштери, ошондой эле инженердик коммуникацияларды жана технологиялык жабдууларды орнотуу жүргүзүлүүдө.
Мейманкана комплексинин курулушу Ысык-Көл аймагындагы туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана туризм тармагына инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.





