Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Жалын Жээналиев Кыргыз Республикасындагы Эл аралык финансы корпорациясынын (International Finance Corporation, IFC) өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Дмитрий Пятаченко жана Дүйнөлүк банк тобунун өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө венчурдук каржылоо жөнүндө мыйзам долбоорун илгерилетүү жана инвестициялоонун альтернативдүү булактарын өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Жалын Жээналиев өнөктөштөргө колдоосу жана көмөгү үчүн ыраазычылык билдирип, инновациялык экономиканы өнүктүрүүнүн жана жогорку технологиялык тармактарга жеке капиталды тартуунун негизги факторлорунун бири катары венчурдук инвестициялар үчүн заманбап жана туруктуу укуктук базаны түзүүнүн стратегиялык маанисин белгиледи.
IFC өкүлдөрү венчурдук экосистемаларды өнүктүрүү боюнча эл аралык тажрыйбаны, анын ичинде Казакстан менен Өзбекстандын практикасын, ошондой эле бизнестин инвестициялык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана финансылык инфраструктураны бекемдөөгө багытталган альтернативдүү каржылоо булактарын жөнгө салуунун заманбап ыкмаларын сунушташты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эксперттик-аналитикалык жана техникалык колдоону кошо алганда, кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдирип, тиешелүү мыйзам чыгаруу демилгелерин илгерилетүү боюнча биргелешкен аракеттерди координациялоону макулдашышты.
Бул чараларды ишке ашыруу инвестициялык климатты жакшыртууга, туруктуу финансылык рынокту калыптандырууга жана Кыргыз Республикасындагы стартаптар менен венчурдук экосистеманы колдоого өбөлгө түзөт.



