Барселона шаарында БМУЭК (UNECE) тарабынан уюштурулган Мамлекеттик‑жеке өнөктөштүк боюнча 10‑эл аралык форум өтүп жатат. Форумдун максаты — МЖӨ механизмдерин өркүндөтүү, инновациялык каржылоо моделдерин киргизүү жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө мамлекеттик жана жеке секторлордун кызматташтыгын бекемдөө.
Кыргыз Республикасын бул форумда мамлекеттик органдар жана бизнес өкүлдөрү өкүлчүлүк кылууда.
Агенттиктин башчысынын орун басары Ж. Жээналиев гендердик теңчилик жана инклюзивдүү өнүгүү маселелерине арналган пленардык сессияда сөз сүйлөдү. Ал аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, инвестициялык саясатта теңчилик принциптерин ишке ашыруу жана МЖӨ долбоорлорунда аял‑лидерлердин ролун чыңдоо боюнча өлкөдөгү учурдагы багыттар жөнүндө айтып өттү.
Кыргызстандын форумга катышуусу эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтыкты чыңдоого, МЖӨ жаатындагы мыкты тажрыйбаларды киргизүүгө жана өлкөнүн экономикасына узак мөөнөттүү инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөт.



