Skip to main content
Түз эфир
Измирде Кыргызстандын инвестициялык жана ишкердик мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды

2026-ж., 9-апрель 14:301 мүнөт окуу1

Измирде Кыргызстандын инвестициялык жана ишкердик мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды

Түркия Республикасынын Измир шаарында Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси менен жана Измир шаарынын Соода палатасынын колдоосунда Кыргыз Республикасынын инвестициял

1 / 6

Түркия Республикасынын Измир шаарында Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси менен жана Измир шаарынын Соода палатасынын колдоосунда Кыргыз Республикасынын инвестициялык жана ишкердик мүмкүнчүлүктөрүн таанытууга багытталган жолугушуу жана нетворкинг иш-чарасы уюштурулду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов катышты.

Иш-чаранын алкагында катышуучуларга эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштар, Кыргызстанга карата экспорттук мүмкүнчүлүктөр, кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары жана инвестициялык долбоорлор боюнча кеңири маалымат берилди. Мындан тышкары, катышуучулар тарабынан презентациялар көрсөтүлүп, конкреттүү долбоорлор жана кызматташтык багыттары боюнча баяндамалар жасалды.

Жолугушуу суроо-жооп форматында улантылып, катышуучулар ортосунда активдүү пикир алмашуу болуп, келечектеги кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү кеңири талкууланды.

Бөлүшүү: