Skip to main content
Түз эфир
“Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун аймагында жайгашкан Сокулук дарыясында жана анын куймаларында “Сокулук ГЭС-3” жана “Туюк ГЭС” чакан гидроэлектростанцияларын куруу” инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык келишимге кол коюлду

ЖАҢЫЛЫК
2026-ж., 27-март 11:521 мүнөт окуу5

“Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун аймагында жайгашкан Сокулук дарыясында жана анын куймаларында “Сокулук ГЭС-3” жана “Туюк ГЭС” чакан гидроэлектростанцияларын куруу” инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык келишимге кол коюлду

2026-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “Сокулук ГЭС-3” ЖЧКсынын ортосунда “Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун аймагында жайгашкан Сокулук дарыясында жана анын куймаларында “Сокулук ГЭС-3” жана “Туюк ГЭС” чакан гидроэлектроста…

1 / 3
invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

2026-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “Сокулук ГЭС-3” ЖЧКсынын ортосунда “Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун аймагында жайгашкан Сокулук дарыясында жана анын куймаларында “Сокулук ГЭС-3” жана “Туюк ГЭС” чакан гидроэлектростанцияларын куруу” инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык келишимге кол коюлду. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан инвестициялык келишимге Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Р. А. Сабиров, ал эми “Сокулук ГЭС-3” ЖЧКсынын атынан башкы директор Н.Р. Чилтенов кол койду. Долбоор бир нече этаптан турат: Баштапкы этап - Сокулук жана Туюк дарыяларында жалпы орнотулган кубаттуулугу 15,6 МВт түзгөн гидроэлектростанцияларды курууну жана ишке киргизүүнү камтыйт. Кеңейтүү этаптары: Акпай жана Ашутор дарыяларында кошумча гидроэлектростанцияларды куруу мүмкүнчүлүгүн караштырат, натыйжада жалпы орнотулган кубаттуулук 21,0 МВт чейин жетет. Инвестициялардын көлөмү баштапкы этап үчүн (Сокулук жана Туюк дарыяларындагы ГЭСтер) 1,5 млрд сомду түзөт. Кеңейтүү этаптары ишке ашырылган учурда (Акпай жана Ашутор дарыяларындагы кошумча ГЭСтер) бул сумма 2,3 млрд сомго чейин көбөйүшү мүмкүн.

Бөлүшүү: