Skip to main content
Түз эфир
Ош облусунда курулуш материалдары тармагында инвестициялык долбоор ишке ашырылууда

ЖАҢЫЛЫК
2026-ж., 17-март 06:421 мүнөт окуу2

Ош облусунда курулуш материалдары тармагында инвестициялык долбоор ишке ашырылууда

Бүгүн, 17-мартта, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында жайгашкан «Восточные…

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Бүгүн, 17-мартта, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында жайгашкан «Восточные строительные материалы» ЖЧКсына барды. Ишкана курулуш кирпичин жана газоблокторду өндүрүүгө адистешкен. Долбоор күнүнө 200 миң даанага чейин кирпич өндүрүү кубаттуулугу менен күйгүзүлгөн кирпич жана газобетон блокторун чыгаруучу өндүрүштү түзүүнү карайт. Долбоордун жалпы инвестиция көлөмү 10,5 млн АКШ долларынан ашат. 2025-жылдын 4-августунда түзүлгөн жер тилкесин ижарага алуу келишимине ылайык, ишкана пайдаланууга берилгенден кийин компания Кара-Суу районунун Ынтымак айыл өкмөтүнүн бюджетине ыктыярдуу төлөмдөрдү жүргүзүп келет. Биринчи жылы 35 млн сом которуу каралган, кийинки жылдары жыл сайын 5 млн сомдон социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жергиликтүү калкты колдоого багытталат. Долбоорду ишке ашыруу жаңы жумуш орундарын түзүү жана бюджетке салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшү менен коштолууда. Ошондой эле ишкананын ишке киргизилиши аймактагы курулуш тармагынын өнүгүшүнө жана Ош облусунда инвестициялык активдүүлүктүн жогорулашына байланыштуу.

Бөлүшүү: