Мазмунга өтүү
Түз эфир
«Асман» шаарынын курулушун көзөмөлдөө жана Татарстан делегациясынын сапары

МЕЖДУНАРОДНОЕ СОТРУДНИЧЕСТВО
2026-ж., 6-сентябрь 04:301 мүнөт окуу

«Асман» шаарынын курулушун көзөмөлдөө жана Татарстан делегациясынын сапары

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров «Асман» экологиялык шаарын куруу инвестициялык долбоорунун ишке ашырылышын жеринде көрдү

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров «Асман» экологиялык шаарын куруу инвестициялык долбоорунун ишке ашырылышын жеринде көрдү. Жумушчу сапардын алкагында долбоордун аянтчасына «“Ак Барс” холдинг компаниясы» ААКнын башкы директору, Татарстан Республикасынын Мамлекеттик Советинин депутаты Иван Егоров барды. Долбоордун аянтчасында «Асман» экологиялык шаарынын концепциясы, долбоорду ишке ашыруунун учурдагы абалы, ошондой эле аймакты андан ары өнүктүрүү маселелери каралды. Тараптар орусиялык инвесторлордун долбоорду ишке ашырууга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн жана бул багыттагы андан аркы кызматташууну талкуулашты. Татарстан Республикасынын Раиси Рустам Нургалиевич Минниханов баштаган Татарстан Республикасынын делегациясы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш салтанатына катышуу үчүн Ысык-Көлдө жүрөт.

Бөлүшүү: