Skip to main content
Түз эфир
Эгемендүүлүк күнүңүздөр кут болсун!
ЖАҢЫЛЫК
2025-ж., 22-сентябрь 04:291 мүнөт окуу4

Эгемендүүлүк күнүңүздөр кут болсун!

Урматтуу мекендештер! Өзүмдүн жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин атынан сиздерди Мекенибиздин Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктайм! Бул улуу майрам Кыргызстан элинин эркиндигинин, биримдигинин жана күчүнүн…

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Урматтуу мекендештер! Өзүмдүн жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин атынан сиздерди Мекенибиздин Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктайм! Бул улуу майрам Кыргызстан элинин эркиндигинин, биримдигинин жана күчүнүн символу. Эгемендүүлүк — тарыхый жетишкендик гана эмес, ар бирибиздин өлкөбүздүн келечеги үчүн чоң жоопкерчилигибиз дагы болуп эсептелет. Кыргызстан жыл сайын бекемдеп, байып, ийгиликтүү мамлекетке айланып, жарандардын жүрөгүндө Мекенге болгон сыймык дайыма жашасын. Сиздерге жана жакындарыңыздарга чың ден соолук, тынчтык, бакыт жана эртеңки күнгө бекем ишеним каалайм! Урматтоо менен, Сабиров Равшанбек

Бөлүшүү: