Мазмунга өтүү
Түз эфир
Кыргызстан менен Татарстан инвестициялык кызматташууну кеңейтет
ЖАҢЫЛЫК
2025-ж., 22-сентябрь 03:451 мүнөт окуу79

Кыргызстан менен Татарстан инвестициялык кызматташууну кеңейтет

Чолпон-Ата шаарында өткөн VII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында КР Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары Дамирбек Бикулов менен Татарстан Республикасынын Инвестицияларды өнүктүрүү агенттигинин жетекчисинин орун басары Игорь Сапунов жолугу…

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Чолпон-Ата шаарында өткөн VII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында КР Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары Дамирбек Бикулов менен Татарстан Республикасынын Инвестицияларды өнүктүрүү агенттигинин жетекчисинин орун басары Игорь Сапунов жолугушту. Тараптар эки тараптуу өнөктөштүктүн келечегин талкуулап, жүрүп жаткан долбоорлор тууралуу маалымат алмашышты жана өнөр жай, агроөнөр жай комплекси, транспорт жана логистика, туризм, санариптик экономика жана инновациялар тармагында кызматташтыкты пландашты. Туруктуу өз ара аракеттенүү механизмдерин иштеп чыгуу үчүн эксперттик деңгээлде ишти улантуу жөнүндө макулдашышты.

Бөлүшүү: