По поручению Первого вице-премьер-министра КР Новикова А.Э. Агентством 29 октября 2020 года была организована рабочая поездка Директора Акматова Д.Б. и Заведующего отделом развития инвестиционного потенциала Абдиева И.А. в Таласскую область, Бекмолдинский айылный округ, объединяющий с.Сасык-Булак (административный центр), с.Кара-Ой, с.Кенеш, с.Чон-Токой, расположенный в непосредственной близости от золотодобывающего месторождения «Джеруй», а также в Полномочное представительсто Правительства в Таласской области. Организация встречи с руководителями сел и рабочим составом Бекмолдинского айылного округа, местным населением имела целью – проведение разъяснительной работы среди местного населения, устранению препятствий возобновления деятельности предприятия, а также разъяснения отрицательного влияния на инвестиционный климат Кыргызстана. Со стороны представителей Бекмолдинского айылного округа были выражено мнение о том, что предприятие «Джеруй» должно функционировать, а жителям четырех сел необходимо улучшить возможность трудоустройства. Также были обозначены потребности в повышении прозрачности деятельности предприятия «Джеруй», в выполнении социально-инфраструктурных проектов, в том числе по здравоохранению, водоснабжению, газоснабжению. […]
Бүгүн 2025-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарында Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттүк түзүмдөрүнүн, инвестициялык агенттиктеринин жана алдыңкы бизнес-делегацияларынын өкүлдөрүн чогулткан Кыргыз-Түрк бизнес форуму болуп өттү. Форум эки тараптуу экономикалык өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө жана боордош өлкөлөрдүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө күчтүү түрткү болду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А. А. Касымалиев, Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаз, министрликтердин, агенттиктердин, бизнес-ассоциациялардын жана ири компаниялардын жетекчилери катышышты. Лидерлердин сүйлөгөн сөздөрү: практикалык өнөктөштүк курсу Форумду ачып жатып, А.А. Касымалиев Түркия менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргыз Республикасы чет элдик инвесторлор үчүн, өзгөчө стратегиялык өнөктөштөр тарабынан максималдуу жагымдуу шарттарды түзүүгө умтуларын баса белгиледи. “Кыргызстан түрк бизнесинин бул жерде өзүн ишенимдүү жана туруктуу сезишине кызыкдар. Биз биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө, өз ара сооданы күчөтүүгө жана жаңы өсүү чекиттерин табууга даярбыз”, — деп билдирди Министрлер Кабинетинин […]
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызмат «Бишкек ш. Орозбеков көчөсү, 7 дареги боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын жаңы имаратын куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу үчүн жеке өнөктөштү тандоо боюнча сынак жарыялайт жана бардык кызыкдар тараптарды сынакка катышууга чакырат. Долбоор Бишкек ш., Орозбеков көчөсү, 7 дарегинде бийиктиги 12 кабаттан кем эмес жаңы имаратты курууну жана эксплуатациялоону карайт. Сынакка катышуу үчүн квалификациялык суроо-талап менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот: ЗК Квалификациялык тандоого катышуу үчүн арыз конвертте жана ага тиркелген документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Раззаков көчөсү, 8/1 же курьердик почта аркылуу 2025-жылдын 17-октябры саат 18:00гө чейин. Долбоорго байланыштуу суроолор боюнча КР Юстиция министрлигине караштуу СЭКке тел.: 0 (312) 300 297 номери аркылуу же МЖӨ борборуна тел: 0 (312) 300 176 номери аркылуу кайрылсаңыздар болот.
2025-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров объекттердин учурдагы абалына баа берүү, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоо максатында «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бишкек ЭЭАнын жетекчилиги жана резиденттери менен болгон жумушчу жолугушууда инвестициялык климатты өнүктүрүү, ишкерлерди колдоо маселелери, ошондой эле иштеп жаткан ишканалардын өндүрүштүк кубаттуулуктарын кеңейтүү жана модернизациялоо перспективалары талкууланды. Жолугушуудан кийин Улуттук агенттиктин башчысы өндүрүштүк ишмердүүлүк менен алектенген жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруучу бир катар ишканаларга барды, анын ичинде: * “ГУМА” ЖЧКсы – тигүү жиптерин чыгаруу. Инвестициялардын көлөмү – 404 млн сом, кошумча 496 млн сом пландалууда. * «Конурат Трейд» ЖЧКсы – вискоза салфеткаларын чыгаруу. Инвестициялар – 126 млн сом, кошумча 50 млн сом пландалууда. * “Орион Гранд” ЖЧКсы – килем өндүрүшү. Инвестициялар 121 миллион сомду түзүп, кошумча 87 миллион сом пландалууда. * «Сан Лиан» ЖЧКсы […]
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Ван Вэнцин жетектеген «Венцин Компани» ЖЧКсынын башчысы Ван Вэньцин жана өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү Жыйында Ош облусунун Кара-Суу районунда көмүр казуу, жылуулук энергетика, акылдуу эсептөө инфратүзүмүн өнүктүрүү сыяктуу ири комплекстүү долбоорду ишке ашыруу талкууланды. Долбоорго жумшалган инвестициянын жалпы көлөмү алдын ала болжол менен 2,275 миллиард долларга бааланган. Так суммасы техникалык-экономикалык негиздеменин жыйынтыгы менен аныкталат. Интегралдык долбоор төрт негизги компонентти камтыйт: * ири көмүр кенин куруу; * жылуулук электр станцияларынын тобун куруу; * акылдуу эсептөө борбору үчүн инфратүзүмдү түзүү; * акылдуу эсептөөлөр үчүн жабдуулар тармагын ишке ашыруу Жолугушууда Равшанбек Сабиров мамлекет стратегиялык инвестицияларды тартууга ар тараптуу колдоо көрсөтүп жатканын жана бул долбоорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жардам берүүгө даяр экенин белгиледи. Өз кезегинде инвесторлор Кыргыз Республикасы менен узак мөөнөттүү кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, энергетика жана санариптик технологияларды өнүктүрүү […]
Административдик кызматтардын башкы (Башчысы) тобуна (Б-А) карата жалпы квалификациялык талаптар: Кесиптик билим деңгээли: 1. Билими – жогорку юридикалык билим 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы иш стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик тармактагы иш стажы 5 жылдан кем эмес 3. Кесиптик компетенттүүлүгү: – Төмөкүлөрдү билүү: Жалпы мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; 4) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; 5) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; 6) Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамы; 7) Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы; 8) Кыргыз Республикасынын “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Мыйзамы; 9) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; 10) Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы; 11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген 202-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында […]
2025-жылдын 10-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Аялдар Конгресси, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жана Түрк маданиятынын эл аралык уюму тарабынан уюштурулган V эл аралык аялдар бизнес-форуму болуп өттү. Форумга мамлекеттик органдардын, эл аралык коомчулуктун, Соода-өнөр жай палаталарынын, бизнес чөйрөлөрүнүн, ошондой эле эксперттер жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров куттуктоо сөзүн сүйлөп, республиканын экономикасын өнүктүрүү үчүн аялдардын ишкердигинин маанилүүлүгүн белгиледи. Өлкөбүздө аялдардын ролун жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча чаралар ырааттуу түрдө ишке ашырылып жатат. Алардын коомдогу жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүндөгү маанисин жогору баалап, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров 2030-жылга чейин Аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программаны бекитти. Улуттук агенттик ишкер аялдарды колдоону өз ишинин стратегиялык багыты катары карайт, өзгөчө чакан жана орто экономиканы, ошондой эле санариптик өнүктүрүү чөйрөсүндө», – деп белгиледи Равшанбек Сабиров. Бул багыттагы […]
Бүгүн, 2025-жылдын 9-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Равшанбек Сабиров Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Дмитрий Пятаченко жана IFCнин консультанты Эркин Асрандиев менен жолугушту. Жолугушууда инвестициялык климатты жакшыртуу, инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу жана өлкө экономикасында инновацияларды стимулдаштыруу боюнча кызматташтыктын негизги багыттары талкууланды. Улуттук агенттик жүргүзүлүп жаткан инвестициялык саясат боюнча, нын ичинде мамлекеттик органдар, бизнес жана эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнүн борбордук координациялык органы катары агенттиктин ролун күчөтүү, Кыргыз Республикасынын «Инвестициялар жөнүндө» мыйзамынын жаңы редакциясынын кабыл алынышы, «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышы, «Венчурдук каржылоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун иштелип чыгышы. Жолугушууда келечектүү инвестициялык багыттар: кайра жаралуучу энергия булактары, транспорттук инфратүзүм жана экономиканы санариптештирүү талкууланды. Кубаттуулугу 100–150 МВт болгон күн электр станциясы үчүн МЖӨ пилоттук долбоорун ишке ашыруу өзүнчө талкууланды, анын алкагында IFC […]
2025-жылдын 5-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялар агенттигинде (мындан ары – УИА) УИАнын директорунун орун басары Жалин Жээналиев жана УИАнын алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Нурбек Анарбекин Кытайдын Архитектуралык долбоорлоо жана изилдөө академиясынын (China State Construction Design and Research Institute Co., Ltd.) делегациясы менен жолугушту. Делегацияга чет элдик департаменттин башкы директору мырза Цао Сяньмин жана Чет өлкөлүк курулуш тармагын өнүктүрүү альянсынын өкүлдөрү жетекчилик кылышты. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар курулуш жана шаар куруу тармагындагы кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде Кыргызстанда социалдык турак жай программаларын ишке ашырууну жана биргелешкен өндүрүш кубаттуулуктарын түзүүнү талкуулашты. Ошондой эле экспорттук потенциалы бар жыйноочу заводду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору катары ишке ашыруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Бул долбоор инвестицияларды тартууга, заманбап технологияларды киргизүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө өз ара кызыгууларын билдиришип, кызматташтыктын конкреттүү форматтарын тереңдетип иштеп чыгууну макулдашышты.
Жолугушуу Европа бирлиги каржылаган жана ЭАСБ тарабынан ишке ашырылып жаткан «Ready4Trade Борбор Азия: Транскаспий транспорттук коридору аркылуу өнүгүүгө көмөк көрсөтүү» аймактык долбоорунун алкагында өттү. Тараптар аймактык долбоорду ишке ашыруу, инвестициялык климатты жакшыртуу, артыкчылыктуу инвестиция багыттары, Улуттук агенттик менен ЭАСБнын учурдагы өз ара аракеттенүүсү жана биргелешкен демилгелердин өнүгүү перспективаларын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Өнүгүү максатында инвестицияларга көмөктөшүү боюнча келишимге (IFD) бурулду. Бул келишим Кыргызстанды эл аралык өнөктөштөр үчүн инвестициялык жагымдуулугун арттырууга жана инвестициялык климатты чыңдоого багытталган. Жыйынтыкта, тараптар кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экендигин ырастап, бул Кыргыз Республикасынын дүйнөлүк аренада ишенимдүү өнөктөш катары позициясын чыңдоого жана инвестициялык саясаттын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрүн белгилешти.
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчилиги Вьетнамдын ROX Group компаниясынын өкүлдөрү, анын ичинде Кыргызстандын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси доктор Ву Куанг жана компаниянын топ-менеджерлери менен жолугушту. Тараптар турак-жай курулушу, энергетика жана рекреациялык туризм тармактарындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ROX Group өкүлдөрү Кыргызстан региондорунда бир катар долбоорлорду ишке ашырууну баштаганын, бул багытта компаниянын эл аралык тажрыйбасы жана инновациялык ыкмалары колдонуларын билдиришти. Агенттик долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин тастыктады. Жолугушуунун жыйынтыгында биргелешкен кадамдар аныкталып, компаниянын ишмердигин үзгүлтүксүз коштоп туруу үчүн жооптуу адамдар дайындалды. Маалымдама: ROX Group 1996-жылы негизделген. Компания кыймылсыз мүлк, технология, мейманкана бизнеси жана финансылык кызматтар тармагында адистешкен. Европа рынокторун кошо алганда, өзүнүн эл аралык катышуусун активдүү кеңейтип келет.