Ата-мекендик ишкерлер менен жолугушууга чакырабыз

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2021-жылдын 29-январындагы №3 «Менчикти коргоо жана ишкерлерди менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» Жарлыгынын алкагында, бизнес менен мындан аркы кызматташуу жана өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоо, туруктуу экономикалык өсүштү стимулдаштыруу, ошондой эле инвесторлордун ишенимин жогорулатуу, жагымдуу инвестициялык климатты жана бизнес-чөйрөнү түзүү максатында 2022-жылдын 24-октябрында саат 11:00дө Шератон мейманканасында, ата мекендик ишкерлер менен жолугушуу өткөрөт.Иш-чарага катышуу үчүн төмөнкү форманы толтуруңуздар:https://docs.google.com/forms/d/1TD-yVi-hmE9uMtT4xZNBi7S0_wmslU98eCPzRpqxYMI/edit?pli=Кошумча суроолор боюнча 0312 300-284, 0708 118-844, 0555 11-33-02 номурлары аркылуу кайрылсаңыздар болот.