Кыргыз Республикасы Ташкентте инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү презентациялады

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Р.А. Сабиров жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары А.К. Аалиев Борбордук Азия инвестициялык форумуна катышты.

2022-жылдын 24-мартында Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун ачылышы болуп өттү, ал 24-марттан 26-мартка чейин өтөт. Ушул  аянтча  стратегиялык демилгелерди талкуулоого жана ишке ашырууга, ошондой эле Борбордук Азиянын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык бизнес коомчулугуна көрсөтүүгө кызмат кылат.

Бул эл аралык экономикалык иш-чаранын алкагында Борбордук Азиянын экономикалык жана инвестициялык келечегине, инвестицияларды тартуу механизмдерине, ошондой эле өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттарын аныктоого, пандемиянын жана жакырчылыктын кесепеттери менен күрөшүү, ишкердикти жана банк секторун өнүктүрүүнү колдоо    боюнча чараларды талкуулоого арналган  түрдүү сессиялар жана отурумдар өткөрүлдү.

Форумга 2 миңден ашуун катышуучу, анын ичинде 56 өлкөдөн ири инвесторлор жана жогорку даражалуу коноктор катышты. Ошентип иш-чарада жашыл энергетикадан инновациялык ишканаларга, айыл чарбадан экономика тармактарын санариптештирүүгө чейин түрдүү темалар талкууланды.

Пленардык сессиянын жыйынтыгы боюнча  КР Президентине караштуу ИУАнын  директору Р.А. Сабиров менен  Сауд Арабия Падышачылыгынын Инвестициялар  министри Халид аль-Фалихтин  таанышуу жолугушуусу өттү, анда инвестиция жаатындагы кызматташуу талкууланды.

Муну менен катар КР Президентине караштуу ИУАнын директору “Борбордук Азиядагы соода агымынын трансформациясы жана аларды капиталдаштыруу”  тегерек үстөлүнө катышты. Ушул  тегерек үстөлдө Азиянын өсүп жаткан орто классы үчүн товарларды жана кызматтарды түзүү аркылуу аймактык жана глобалдык соода байланыштарын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү,  ошондой эле соода жаатында атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу боюнча чараларды көрүү зарылчылыгы жөнүндө талкуу жүрдү. Жеке сектордун өндүрүшүнүн өлчөмүн көбөйтүү жана чакан жана орто ишкердикти колдоо соода мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө түрткү берет. Ишкерлердин жаңы рынокторду өздөштүрүү үчүн  инфратүзүмдү өнүктүрүүгө багытталган саясий чаралар жана кадамдар   зарыл.