Эркин экономикалык зоналар
Кыргыз Республикасында эркин экономикалык зоналарды кошо эсептегенде экспортту илгерилетүү жана жеңилдетүү үчүн көптөгөн схемалар бар. Эркин экономикалык зоналар экспортоочу жана импортоочу компаниялар үчүн атайын бажы артыкчылыгын берет. Бул зоналарда иштеген компаниялар салыктарды же бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн эле товарларды импорттоп, сактап, өндүрүп же сата алышат. Ошондой эле, юридикалык жактар эгерде алардын товарлары зоналарда бир кыйла иштетүүдөн өтсө, эркин экономикалык зоналардан жергиликтүү Кыргыз рыногуна сата алышат. Мындай зоналардын болгону бешөө чектеш өлкөлөр менен түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү соода жол-жоболорун жеңилдетүүгө, ылайыкташтырууга карата бир нече кадамдарды жасады. Өкмөт экспортчуларга «бирдиктүү терезени» демилгелешкендигин белгилей кетүү керек, ошондой эле «кагазсыз соода» долбоорун ишке киргизди.
Кыргыз Республикасы сооданы күчөтүү, тагыраак айтканда жеке сектордун эркин, рыноктук өсүшүн өнүктүрүүгө багытталган саясатты ишке ашырат. Бул Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (БСУ) колдоосундагы көп тараптуу соода макулдашуулары, ошондой эле региондук жана эки тараптуу соода келишимдери менен тастыкталат.
Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) бириккенден кийин, Казакстан, Россия Федерациясы, Беларусия жана Армения менен эл аралык транспорттук жолдор, жалпы энергетикалык секторду түзүү, энергияны ташуу, биргеликтеги инвестиция жана эмгек миграциясынын көйгөйлөрү сыяктуу маселелерде кызматташууну жакшыртуу максатында, бул өлкөлөр менен экономикалык соода байланышты бекемдөөгө багыт алган.