Гамбург жана Париждеги бизнес-форумдарга чакырабыз: Кыргызстандын компаниялары үчүн кызматташтыктын келечеги
Урматтуу Кыргызстандын бизнес-түзүмдөрүнүн жана компанияларынын өкүлдөрү!
Улуттук агенттик сиздерди үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрында Гамбург шаарындагы (ГФР) «Hafen Hamburg» мейманканасында өтүүчү “Кыргызстан экономикасы күнү” кыргыз-герман бизнес-форумуна жана үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында Париж шаарында (Франция Республикасы) өткөрүлүүчү кыргыз-француз бизнес-форумуна катышууга чакырат
Бул бизнес-форумдардын алкагында төмөнкүдөй маселелер талкууланат:
- Жашыл экономика чөйрөсүндө кызматташуунун келечеги;
- Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар: инновация өнүгүү перспективасын кандайча өзгөртөт;
- Айыл чарба тармагындагы өнөктөштүктү өнүктүрүү.
Алдыдагы иш-чараларга Кыргызстандын, Германиянын жана Франциянын ири ишкер чөйрөлөрүнүн 250дөн ашык өкүлдөрүнүн катышуусу пландаштырылууда, бул Европа биримдигинин өлкөлөрүнүн алдыңкы компаниялары менен байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Кызыккан катышуучулардан 2023-жылдын 15-октябрына чейин төмөнкү байланыш маалыматтары боюнча катышууну ырастоосун суранабыз: тел: +996(705)119111, +996312300284 же шилтеме аркылуу, так маалыматтарды жана кызматташуу багыттарын көрсөтүү менен: https://clck.ru/35xa58