Улуттук агенттик кыргызстандыктарды 23 – сентябрь-Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт!

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик сиздерди 23 – сентябрь-Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!Кыргыз тили күнү өлкөбүз үчүн эң маанилүү майрамдардын бири.

Бул күн биздин маданиятыбыздын жана улуттук өзгөчөлүгүбүздүн бир бөлүгү гана эмес, коомубуздун өнүгүшүнүн ачкычы болгон эне тилге болгон сүйүүбүздү жана урмат-сыйыбызды билдирет.Кыргыз тили – ата-бабаларыбыздан бизге мурас болуп келген улутубуздун байлыгы.

Бул баарлашуу тили гана эмес, ошондой эле сезимдерибизди жана идеяларыбызды билдирүүгө мүмкүндүк берген ой тили. Биздин тилибиз маданиятыбызды, салтыбызды чагылдырган көптөгөн сөздөргө, сөз айкаштарына, макал-лакаптарга бай.

Эне тилибиз ар дайым бийик жана тунук угулсун! Майрамыңыздар менен, мекендештер! Эне тилибизди бирге сактап, өнүктүрөлү!