Кыргызстан менен Кытай Жумушчу топтун биринчи жолугушуусунда инвестициялык жана өнөр жай кызматташтыгынын келечегин талкуулашты

Улуттук агенттикте Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы инвестициялык жана өнөр жай кызматташтыгы боюнча Жумушчу топтун биринчи отуруму болуп өттү. Жолугушуу достук жана конструктивдүү маанайда өтүп, анда тараптар кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.

КЭР Коммерция министрлигинин тышкы инвестициялар жана экономикалык кызматташтык департаментинин директорунун орун басары Цянь Чуньин жетектеген 7 компаниядан турган делегация эки өлкөнүн ортосундагы санариптик экономика жана жашыл өнүгүү жаатындагы инвестициялык кызматташтыкты талкуулоо үчүн келди. Тараптар ошондой эле инфраструктура жана инженердик курулуш жаатында кызматташуу боюнча талкууларды өткөрүштү.

Кытай ишкерлерине ЭКБ объекттерине, Бонд кампаларын түзүүгө, Транспорт жана логистика, товарларды кампалоого, трансчегаралык медицинага, санариптик технологияларга, креативдик тармактардын кызмат көрсөтүүлөрүнө, туризмге, айыл чарбасына, өнөр жайына, курулушка, финансылык технологияларга, илимге жана билим берүүгө, саламаттыкты сактоого жана башкаларга инвестиция салуу сунушталды.

“Кытай көп жылдар бою Кыргызстан үчүн негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрдүн бири болуп келген жана болуп кала берет. Өлкө президенти чет элдик инвесторлорду коргоо маселесине жеке көңүл бурат. Алсак, республикада либералдуу мыйзамдар жана төмөн салык ставкалары иштейт. Мындан тышкары, Кыргызстан Кытайга тамак-аш азыктарынын коопсуздугунун эл аралык стандарттарына жооп берген экологиялык таза продукцияны сунуштоого даяр”, – деп билдирди Н. Баясов.

Өз кезегинде Кытай тарап эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташууну жана инновацияларды өнүктүрүүнү илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, инвестициялык жана технологиялык кызматташууну кеңейтүүгө даярдыгын билдирди.

«Биз эки өлкөнүн рынокторун кеңейтүү үчүн биргелешип иштөөгө даярбыз. Кыргыз тараптан кызматташуунун багыттары жана салыштырмалуу артыкчылыктары жана өнүгүү потенциалы бар долбоорлор боюнча сунуштарын кубаттайбыз жана кытайлык компанияларды рыноктук принциптерге жана өнөр жайды өнүктүрүүнүн багыттарына ылайык Кыргызстанга инвестициялоого жигердүү колдоо көрсөтөбүз”, – деп белгиледи Цянь Чуньин.

Тараптар Жумушчу топтун экинчи отурумун Пекинде өткөрүүнү макулдашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы инвестициялык жана өнөр жай кызматташтыгы боюнча Жумушчу топтун биринчи жыйынынын протоколуна кол коюлду.